• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

«Жаш жүрөк» клубунун активисттери улгайгандарга зумба сабагын уюштурат

Коом 0


Бишкек, 18-июль /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. "Жаш жүрөк” жаштар клубунун активисттери улгайгандарга зумба боюнча сабак өтүүнү пландап жатышат. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине клубдун жетекчиси Салима Жетибаева билдирди.

Анын айтымында, улгайган адамдар үчүн атайын зумбанын программасы иштелип чыгат.

“Менимче бул өтө кызыктуу жана пайдалуу болот. Зумба - бул аэробика жана бийдин бириктирилиши. Машыгуунун жөнөкөй жана натыйжалуу ыкмасы. Ал бардык курактагы жарандарга ылайыкташылган”,-деп түшүндүрдү Жетибаева.

Ошондой эле, ал Бишкекте улгайгандардын экинчи жолугушуусу болуп өткөнүн билдирди. Аудиториянын алдында кызыктуу «Salt» тобу эски жана заманбап ырларды аткарып, ар кандай аспаптарда кол ойнотушту. “Көрүүчүлөргө алардын программасы абдан жакты”,-деди уюштуруучу.

«Salt»-бул ар кандай багытта, түрдүү жанрдагы тажрыйбалуу таланттардан түзүлгөн заманбап квинтет.

Өздөрүнүн таланты менен бул топ жарандардын профессионалдуу музыкага болгон кызыгуусун арттыруу максатын көздөйт.

Пикир

Оставить комментарий