• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жаш жигит каза болуп, 8 адам жабыркаган. Ысык-Көлдө BMW жана Subaru унаалары кагышты

Кырсык 0

Бишкек, 27.01.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунда 26-январь күнү саат 23:43тө жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Каракол-Бөкөнбаев-Балыкчы унаа жолунун 11-чакырымында BMW 525 жана Subaru Legasy үлгүлөрүндөгү унаалар кагышкан. Кырсыктын кесепетинен 20 жаштагы жигит каза болуп, 8 адам жабыркаган.

Куткаруучулар жеткенге чейин жабыркаган жарандар тез жардам кызматы аркылуу Каракол шаарындагы облустук ооруканага жеткирилген. Жерине куткаруучулар тартылып, маркумдун сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий