• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

“Жашоо үчүн бирге” өнөрканасынын жетекчиси: Рак илдети – өкүм эмес, аны жеңсе болот

ТАГДЫР 0

Элибизде “дарт табылса, дабаасы да табылар” деп айтылат. Оор илдет менен ооруп калган адамда “ичер суум түгөндү” деген ой келип, сарсанаага батат. Бирок муңайып отуруп калбастан өмүр үчүн күрөшүп, айыгарына ишенип, айыгып чыккан, башкаларга да дем берип, кол кабыш кылып жүргөн адамдар көп.

Былтыр Бишкекте рак оорусу менен ооруп калган аялдарга жардам берүү үчүн “Жашоо үчүн бирге” өнөрканасы ачылган. Бул өнөркананы Айгүл Кыдырмышева, Шайырбү Сагынбаева жана Жапар кызы Жылдыз деген айымдар ачкан.

Ал өнөрканада негизинен кыз-келиндер кийим-кече, буйрутма алып баштыктарды тигип иштешет. Тапкан акчаларын ошол жерде иштеген кыздардын дарылануусуна жумшашат.

Өнөркананын негиздөөчүлөрүнүн бири Шайыр Сагынбаева да рак менен 2017-жылы ооруп, азыркы тапта ремиссияга чыгып, 3 ай сайын анализ тапшырып турат.

Анын айтымында, былтыр 7-июлда ачылгандан бери алардын өнөрканасы 1 жыл ичинде рак менен күрөшүп жаткан кыздарга 2,5 млн сом топтоп, дарылануусуна жардам беришкен. Алар ишин жаңы баштаганда иштеген жери 5-кичирайондо болгон.

“Ал жакта Григорий Дзогоев деген жигит өзүнүн өнөрканасын, кийим тигүүчү шаймандарын берген. Биздин өзүбүздүн эч нерсебиз жок болчу. Башында керектүү кездемелерди алуу үчүн 4 киши акча чыгарып, ишибизди 2 миң сомдон баштаганбыз. Буйрутмалар түшүп, ишибиз жүрүшүп кетти. 6 кызга жардам берип, алардын бирөөсү ремиссия чыгып, айыкты. Азыр 6 кызыбыз ремиссияга чыкты. Мен элге рак деген өкүм эмес экенин айткым келет”, - дейт ал.

Ал кыздар 21 күндө бир химиялык терапиядан өтүп туруш керек дейт. Бир кшинин эле дарылануусуна 50-80 миң сомдон кетип калат.

Бул өнөрканада рак менен ооруп жаткан же айыгып чыккан кыз-келиндер, ошондой эле алардын жакындары ыктыярчылык кылып иштешет. Учурда өнөрканада рактан айыккан Алина Батурова менен анын апасы ыктыярчылык кылышат. Алина Улуттук онкологиялык борбордун маммология борборунда медайым болуп иштейт. Анын медайым болуп иштеп келе жатканына 10 жыл болду. Ал рак менен ооруп калганын 27 жашында билген.

“Азыр 30 жаштамын. Дарылануунун бүткөнүнө 6 ай болду. Алгач укканда дендароо болосуң. Адам өзүн кармап, бекем болуп, аракет кылса эле айыгат деп айткым келет. Көбүнчө адам психологиялык жактан чөгүп кетет. Ооруганын жаңы билген адамдарга рак бул өкүм эмес экенин, ар бир нерсени жеңсе болот деп айткым келет”, - дейт ал.

Өнөркана жаңы ачылгандан кийин иши жүрүшүп, буйрутмалар түшүп турган. Бирок быйыл дүйнөнү каптаган пандемияга байланыштуу буйрутма кылгандар жокко эсе болуп калган. Мурда алар 6 кыздын дарылануусуна акча таап, жардам берип жатышса, учурда буйрутмалар азайып, акча жок болгондуктан 2 кыздын дарылануусу үчүн акча топтоп, иштеп жатышат. Бирок алар кыйынчылыктарга карабай ишин улантышууда.

“Пандемия башталгандан бери биз катуу кыйналып калдык. Кыздарыбызга жардам бере албай жатабыз. Учурда дарыканада карыбыз абдан көп, 300 миң сомго жакын карызыбыз бар. Биз тапкан акчалар, каражаты жетпей, муктаж болгон кыздардын химиялык терапия алуусуна кетет. Бизге келип жардам берип турган ыктыярчыларыбыз бар”, - дейт ал.

Химиялык терапия алуу үчүн рактын түрүнө жараша дарылардын баалары да ар кандай. Эмчек рагы менен ооругандар үчүн дарынын баасы башкалардан кымбат турат.

“Эмчек рагынын дарылары аябай кымбат. Ооруган адамдын тагдыры дарылануусунан, аны убагында алганына көз каранды. Бизде дарыланууну убагында ала албай бир кызыбыз өтүп кетти. Үч химиялык терапиясын өткөрүп жиберди. Биз, дарыгерлер аябай аракет кылдык, бирок жардам бере албай калдык. Азыр дагы даруулануусун өткөрүп жиберген 3 кызыбыз бар. Учурда алардын тагдыры Кудайдын колунда турат. Ошондуктан бизге аябай жардам керек болуп жатат”, - дейт ал.

Сагынбаеванын сөзүн улай эле Алина Батурова да пандемия аларга бир топ кыйынчылыктарды туудурганын айтат.

“Онкологиялык оорусу бар бейтаптардын дарылануусун токтотуп кое албайбыз. Алар 21 күн сайын химиялык терапиядан өтүп турушу керек. Ага байланыштуу карыз болуп калып жатабыз. Пандемиядан улам карантинге жабылып, жарманкелерге чыга албай, демөөрчүлөр менен жолуга албай калдык”, - дейт ал.

Шайыр Сагынбаеванын айтымында, пандемияга карабай алар үчүн керектүү дарылардын баасы кымбаттаган эмес.

“Дарылар бар, бирок акча жок болуп жатат. Биз алдын ала дарыканага, бир кызыбыз бул күнү химиялык терапия алат деп айтып коебуз. Салаламаттык сактоо министрлиги пандемия маалында Герцептин дарысын акысыз берди. Ага шүгүр деп жатабыз. Бирок башка өлкөлөрдө химиялык терапия акысыз жасалат. Коронавирус чыгып, оорукана бир топ убакытка жабылып калды. Кыздарыбыз химия ала албай бир топ кыйналды”, - дейт ал.

Сагынбаева адам айыгышы үчүн өз убагында дарылануу менен бирге ойду, көнүлдү таза алып жүрүшү керектигин айтат. Үй-бүлөнүн колдоосу да адамга чоң дем, күч-кубат берет. Себеби, дарылануу аягына чыкканга чейин бир топ каражат кеткендиктен баары эле аны көтөрө албайт, аны менен бирге ооруган адамдар жакындарын кыйнагысы келе бербейт.

“Энеде “балдарым кыйналып жатат, элдин баарын кыйнадым го, андан көрө өтүп кетсем болмок” деген ойлор пайда болот. Айрыкча балдардын кабагы бүркөлүп калса. Балдардын кабагын карайсың, күлүп сүйлөсө, “баары жакшы, акча табылат”, кабагы бир аз бүркөлүп калса, “кыйналып жаткан турбайбы, мен кыйнап жатам” деген ойлор келет. Ошон үчүн көп нерсе үй-бүлөдөн да көз каранды. Эгер үйдөгүлөр жаркырап-жайнап “апа сиз бизге керексиз, акча деген табылат, сиз аман болсоңуз баары жакшы болот” деген учурларда адам жеңип чыгат”, - дейт ал.

Ал, жакын адамдар тарабынан колдоо болсо рак менен ооруган адам айыгып кетерин белгилеп, буга байланыштуу бир окуя айтып берди.

“Бир кызга куда түшкөнүнө бир жума болгондон кийин эле рак менен ооруганын билип калыптыр. Ага дарыгерлер “шашылыш операция жасатыш керек” деп айтышат. Аны менен сүйлөшкөндө “эми эмне кылам? Турмушка чыкпайм го, бирок мен сүйлөшкөн жигитимди аябай жакшы көрөм” деп ыйлады. Баланын ата-энеси түшүнүктүү кишилер экен. Жалгыз балабыздын бактысы үчүн деп аларга колдоо көрсөтүп, кыз айыкты, азыр алар наристелүү болушту”, - дейт ал.

Шайыр Сагынбаева аялдарды өзүн карап, дарыгерлерге көрүнүп турууга үндөп өттү.

Нуржигит Бейшебаев

Бул өнөрканада тигилген кийим, баштыктарды ж.б. сатып алууну же буйрутма берүүнү каалагандар 0700 65 55 16 (Шайыр Сагынбаева) номерине кайрылса болот.

“Жашоо үчүн бирге” өнөрканасына жардам берүүнү каалагандар үчүн:

Эльсом: 0222703929

Өнөркананын дареги: Бишкек шаары, Байтик Баатыр 34/5. Фейсбуктагы баракчасы жана “Жашоо үчүн” бирге коомдук бирикмесинин сайты: jashoo.org

Пикир

Оставить комментарий