• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жашоо шарты жакшы шаарлардын рейтинги жарыяланды: Вена биринчи орунда, Бишкек – 211

Коом 0

Бишкек. 13.03.19 /Кабар/. Бишкек дүйнөдөгү жашоого шарты жакшы делген шаарлардын тизмесинде 211 орунду ээледи. Тиешелүү рейтингди Эл аралык консалтинг боюнча Mercer уюму 13-мартта жарыялаган.

Негизи Mercer дүйнөдөгү 450 шаарга баа берет. Ал эми бул тизмеге жалпысынан 231 гана шаар кирген.

Алардын ичинен Борбор Азия өлкөлөрүнөн Алматы 181 орунда турат, Ташкент – 201, Ашхабад – 206, Душанбе – 209 жана Бишкек – 211. Астана шаары көрсөтүлгөн эмес.

Биринчи орунду Австриянын борбору Вена шаары ээледи, экинчи - Цюрих (Швейцария), үчүнчү - Ванкувер (Канада).

Аталган фирма дүйнө шаарларын саясий, социалдык, экономикалык, маданий, медициналык, мектеп, коомдук унаа, тамактануучу жайлар, жашай турган үй, батирлердин сапаты жана экологиялык акыбалына карай тизме түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий