• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кыргызстандыктардын орточо айлыгы – 220 доллар

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 3-август /Кабар/. Азырынча бул көрсөткүч боюнча өлкөбүз ЕАЭБде 3-орунда турат.

2017-жылдын январь-июнунда номиналдык айлык акы Евразиялык экономикалык союздун бардык өлкөлөрүндө өскөнүн Евразиялык экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) басма сөз кызматы билдирди.

Мүчө мамлекеттердин улуттук статистикалык кызматтарынын маалыматы боюнча, Беларияда анын өсүшү 2016-жылдын белгиленген мезгилине салыштырмалуу 9,5%ды (ЕАЭБ өлкөлөрү боюнча эң жогорку көрсөткүч), Россияда – 7,2%ды, Кыргызстанда 5,5%ды, Казакстан – 5,1%ды түзгөн.

Орточо айлык маяна долларга которгондо өткөн жарым жылдыкта Россияда 666 доллар, Казакстанда 455 доллар, Беларусияда 405 доллар жана Кыргызстанда 209 доллар болгон. Ошентип, номиналдык маяна өлкөбүздө 220 долларды түзөт.

Экономист Жумакадыр Акенеев айлык негизинен 2 жылда 6 эсе өскөн бажылык түшүүлөрдүн эсебинен жогорулаганын ырастады.

“Кеп бюджетте иштегендер тууралуу болуп жатат. Акыркы беш жылда Кыргызстанда бул категориянын айлыгы көтөрүлгөн эмес. Учурда бажы түшүүлөрүнүн, бизнес структурасынан, экспорттон
түшкөн салыктардын эсебинен мындай мүмкүндүк пайда болду. Азырынча бул көрсөткүчтөр Союздун башка өлкөлөрүндөй анча чоң эмес, бирок өсүш күтүлүүдө. Кыргызстан өткөн жылдарга салыштырмалуу продуктуларды көп экспорттой баштады, ушундан улам бюджеттик каражаттар өсүүдө, демек, айлык жогорулатууга акча көбөйүүдө”, - дейт Акенеев «Вести.kg» менен маегинде.

Ошондой эле, экономист медкызматкерлердин жана мугалимдердин маянасы жогорулай турганын эскертти.

Мындан тышкары, өлкөгө бизнести өнүктүрүү үчүн инвестициялар келип, иш орундар түзүлүүдө. Бул тармакта бир нече жылдан бери маянанын өсүшү байкалууда.

“Бирок, бюджеттик маянанын өсүшү вице-премьер-министр Олег Панкратов айткандай, артыкчылыктуу болуп саналат. Динамикасы ИДП, салыктардан көз каранды. Учурда бул көрсөткүчтөр Союз боюнча жогору эмес. Бирок, экспорттун эсебинен айлыктар көбөйүп, жакынкы мезгилдерде Казакстан менен Россиянын көрсөткүчтөрүнө жетишилет”, - деп эсептейт экономист.

Кененирээк: vesti.kg

Пикир

Оставить комментарий