• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жаштар арасында бокс боюнча Кыргызстандын чемпиондору аныкталды

Спорт 0

Бишкек, 25.01.21. /Кабар/. 24-январь күнү Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда жаштар арасында бокс боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты аяктады. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик комитети билдирет.

Беттештин жыйынтыгы менен «Мыкты боксчу» наамын Бекбол Мурасбеков (Ш. Сыдыков атындагы Республикалык спорт колледжи) ээледи. Ал эми «Мыкты калыс» наамына Турдалы Сыдыков (Ош облусу) татыктуу деп табылса, «Мыкты машыктыруучу» наамын Улан Сагынбаев алды (Жалал-Абад облусу).

Жеңүүчүлөр жана байгелүү орундун ээлери диплом, медалдар менен сыйланышты.

Чемпионаттын жеңүүчүлөрү жана байгелүү орундардын ээлери менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышса болот.

Пикир

Оставить комментарий