• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жаштар арасында бокс боюнча өлкө чемпионаты аяктады

Спорт 0

Бишкек, 24.01.22. /Кабар/. Бишкекте жаштар арасында бокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты аяктады. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинен билдиришти.

Мелдеш 23-январда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өттү.

Беттешке республиканын бардык аймактарынан жана Бишкек, Ош шаарларынан келген 140 мушкер катышты.

Мелдеш 19 салмак категорияда: 13 (48, 51, 54,57, 60, 63.5, 67, 71, 75, 80, 86, 92 кг жана 92 кг жогору) салмак категория эркектер арасында жана 6 (48, 51, 54, 57, 60, 75 кг) салмак категория кыздар арасында өттү.

Белгилей кетсек, чемпионат Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргызстандын бокс федерациясы тарабынан уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий