• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жаштар арасында эркин күрөш боюнча өлкөнүн чемпионаты жыйынтыкталды

Спорт 0

Бишкек, 29.03.21. /Кабар/. Бишкекте жаштар арасында эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеш 26-28-март күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда болду.

Республикалык чемпионатка өлкөнүн бардык облустарынан жана Ош, Бишкек шаарларынан келген 260 спортчу катышты. Жеңүүчүлөр жана байгелүү орундун ээлери диплом, медалдар менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, чемпионат Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Күрөш федерациясы тарабынан уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий