• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жаштар арасында футзал боюнча өлкө чемпионаты өтөт

Спорт 0

Бишкек, 23.03.23. /Кабар/. “Алай” спорткомплексинде 25-мартта жаштар арасында футзал боюнча өлкө чемпионаты старт алат. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

U-21 өлкө чемпионатынын биринчи баскычы “А” зонасында, Чүй облусу жана Бишкек шаарында башталат.

Жалпысынан “А” зонасында сегиз команда катышат, алар чүчүкулактын жыйынтыгы боюнча эки топко бөлүнгөн.

“А” зонасынан финалдык баскычка эки команда өтүп, оюн 15-16 апрелде Бишкекте болот.

Пикир

Оставить комментарий