• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Жаштар үчүн "Ийгилик жолу" долбоору өттү

Коом 0

Бишкек, 29.09.17 /Кабар/. Бүгүн Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз драма театрында “Ийгилик жолу” долбоору старт алды.

Иш-чара “Лидер жаштар клубу” жана “Азия балдарына жардам” кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулуп, ага өлкөбүздүн таанымал адамдары келип ийгилик сырлары менен бөлүштү.

Долбоордун максаты - жаштарга мотивация берип, туура кесип тандоого жана ийгиликке жетүүгө жардам берүү.

Тренингдин коноктору “Elite House” курулуш компаниясынын директору Тимур Фазиев, ортопед, дарыгер Сабырбек Жумабеков, Свердлов районунун акими Самарбек Болотбеков, “Ыйман” фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков сыяктуу ийгиликке жеткен адамдар жаштарга өздөрүнүн ийгилик жолун айтып беришти.

Долбоордун демилгечиси Орозбек Осмонов бул иш-чараны Ош шаарында жана дагы беш облуста өткөрүүнү пландоодо. Анын айтымында, бул тренинг өзгөчө 11-класстын окуучуларына жана студенттерге туура кесип тандоого, мотивация алууга көмөкчү болот.

Пикир

Оставить комментарий