• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жаштар КР президентинин «Жашыл Мурас» демилгесин колдоого алды

Өкмөт 0

Бишкек, 17.04.22. /Кабар/. Кыргыз Республикасында ар кыл аймак жаштарынын «Жашыл Мурас» улуттук кампаниясына катышуусу боюнча өлкөлүк демилге ишке кирди, анын демилгечиси катары КР президенти Садыр Жапаров саналат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Бак-дарактардын көчөттөрүн отургузуу боюнча республикалык жаштар акциясы Баткен облсунун Баткен районунан башталды. Жаштар Баткен токой чарбасынын аймагында бак отургузушту.

Баткен облусунун жаштарын видеоконференцбайланыш боюнча Бишкек, Чүй, Нарын жана республиканын башка облустарынын жаштары колдоого алды.

Бишкек шаарындагы иш чарага КР президентинин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын реформаларды талдоо жана мониторинг бөлүмүнүн башчысы Азамат Темиркулов, «Кыргызстандын студенттери жашыл экономика үчүн» коомдук бирикмесинин активисттери жана мамлекеттик органдардын жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү катышты.

Азамат Темиркулов Мамлекет башчынын атынан бак отургузуу боюнча бир нече күнгө созулган акцияга ыктыярдуу кошулган жаштарга ыраазычылык билдирди.

«Жаратылыш бийи» аталган флеш-мобдон кийин студенттер Бишкек шаарынын жогорку бөлүгүндө жайгашкан туунун жанында бак көчөттөрүн отургузушту.

Белгилесек, «Жашыл Мурас» кампаниясы үстүбүздөгү жылдын март айында башталган жана токой аянтын көбөйтүүгө багытталган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин «Тоо экосистемаларын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы» аттуу Жарлыгынын алкагында ишке ашырылууда.

Акциянын алкагында жаштар арасындагы активисттердин жана ыктыярчылардын жардамы менен ар бир облуска миңдеген ар кандай түрдөгү бак-дарактарды отургузуу пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий