• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жаштар — өлкөнү жаңылоонун, өнүктүрүүнүн негизги кыймылдаткычы - президент

Президент 0

Бишкек, 12.11.18. /Кабар/. Жаштар — өлкөнү жаңылоонун, өнүктүрүүнүн негизги кыймылдаткычы. Жаштарга таянган, аларга ишенип, прогрессивдүү күч катары баалаган өлкө гана бакубат келечек кура алат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-ноябрда, Бишкек шаарында республика жаштарынын конгрессинин ачылышында билдирди.

«Биздин милдет — жаштарды өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган реалдуу инновациялык долбоорлорду ишке ашырууга тартуу. Сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө аларга ишеним артып, таяна билүү, муундар ортосундагы биримдикти жана байланышты бекемдөө. Биздин жаштар дүйнөлүк илимге, инновациялык ойлонууга, маданияттын мыкты үлгүлөрүнө каныккан, өлкөнүн келечеги үчүн жоопкерчиликти мойнуна алган инсандар болушу керек», — деп баса белгиледи Президент.

Тартууланган долбоорлор жөнүндө сөз кылып жатып, Сооронбай Жээнбеков жаштардын демилгелери менен канааттанганын билдирип, мамлекетти өнүктүрүүгө багытталган ушул жана башка долбоорлорду, өлкөнүн жаштар тарабынан көтөрүлгөн идеяларды, колдоого мамлекет даяр экендигин белгиледи.

Ал өлкөнү, аймактарды өнүктүрүүгө, айыл ишкерлерине анын ичинде жаш ишкерлерге көрсөтүлүп жаткан жардам тууралуу кенен токтолду.

«Ош шаарынын тургундарынын онлайн кайрылуу картасы» долбоору туурасында кеп кылып келип, Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө өлкөдө ишке ашырылып жаткан «Түндүк» долбоору жөнүндө эске салды. Ал долбоордун алкагында министрликтердин жана ведомстволордун мамлекеттик кызматтары бир электрондук системага бириктирилип жана бири-бири менен тыгыз кызматташтыкта болоорун белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков «Ачык асман» экологиялык долбоорун колдоп, Кыргызстандын келечеги экологиялык таза, органикалык азык-түлүктү өндүрүүдө экенин эске алып, экологияны сактоого кылдат мамиле жасоо зарыл деп белгиледи.

Ошондой эле ал мамлекет ишкердиктин баардык түрлөрүн, анын ичинде ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын бизнес демилгелерин колдоону максат кылган социалдык ишкердикти колдой турганын, жаңы ишканаларды ачууга, айрыкча региондордо ачууга көмөк көрсөтөөрүн белгиледи.

«Биз бүгүн тартууланган беш долбоорду тең колдойбуз жана аны алдыга жылдырууга ар тараптуу көмөктөшүүгө даярбыз. Бул долбоорлор силердин өлкө тагдырына, келечегине болгон кайдыгер эмес мамилеңердин, позицияңардын далили. Жаштардан биз жаӊы идеяларды күтөбүз, ал идеяларды турмушка ашырууда сөзсүз көмөк көрсөтөбүз», — деди Президент Сооронбай Жээнбеков жана жаштарга демилгелерди ийгиликтүү ишке ашырууну каалады.

Пикир

Оставить комментарий