• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жаштар менен достук мамиледеги муниципалитет демилгеси ишке ашат

Коом 0

Бишкек, 25.08.17. /Кабар/. Кыргыз Республикасында жаңы долбоор ишке киргени жатат. Анын алкагында Сузак жана Ысык-Ата райондорундагы 10 пилоттук элеттик муниципалитет балдар жана жаштар үчүн турмуш шарттарын жакшыртуунун үстүнөн иш алып барышат. Бул тууралуу Өнүктүрүү саясат институтунун басма сөз кызматы билдирди.

ЮНИСЕФтин эксперти Сергей Алещенко белгилегендей, балага достук мамиле жасаган муниципалитеттердин демилгеси 1996-жылы пайда болгон жана БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) колдоого алган. “Себеби ал БУУнун Балдар укуктары жөнүндө Конвенциясын колдойт. Бүгүнкү күндө демилгени дүйнөнүн 900 шаары колдоп жатат. Алардын арасында Лондон, Мюнхен, Буэнос-Айрес, Москва, Санкт-Петербург, Астана, Вильнюс жана башка шаарлар бар. Идея Кыргыз Республикасы үчүн да актуалдуу. Анткени балдар жана жаштар Кыргызстан калкынын 36,5% түзөт. Аларга өнүгүү үчүн кандай шарттар түзүлгөнүнөн өлкөнүн келечеги да көз каранды. Атүгүл бай эмес, кризисти башынан өткөрүп жаткан өлкөлөрдө демилгени жайылтуу тажрыйбасы көрсөткөндөй, балдарга багытталган саясат дайыма жыйынтыгын берет”, - дейт С.Алещенко.

“Өспүрүмдөрдүн жана жаштардын абалын баалоо, жаштардын катышуусу менен жергиликтүү пландоо, бюджет түзүү, ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү маселелерин башкаруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын өнүктүрүү жана техникалык жардам берүү” долбоорун тендердин негизинде тандалып алынган Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) ишке ашыра баштады.

2017-жылдын 25-августунда Чүй облусунун Кант шаарында Жаштарга жана балдарга достук мамиле жасаган шаарлардын жана муниципалитеттердин (ЖӨБ БЖЖК) демилгесинин бет ачары болот. Иш-чараны Кыргыз Республикасындагы БУУнун Балдар фондужана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги долбоордун аткаруучусу болгон Өнүктүрүү саясат институту менен биргелешип уюштуруп жатат.

Белгилей кетсек, ушул өңдүү иш чара 23-августта Жалал-Абад облусунун Сузак айылында өткөн.

Пикир

Оставить комментарий