• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жаштар шайлоого катышуунун жана жарандык активдүүлүктүн канчалык маанилүү экендигин талкуулашты

Коом 0

Бишкек, 14.08.21. /Кабар/. Жаштардын чечим кабыл алууга катышуусун кантип активдешитрүүгө боло тургандыгы Бишкекте Эл аралык жаштар күнүн утурлай өткөрүлгөн “Electoral Rights Fest” дискуссиялык аянтачасында талкууга алынды. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган дискуссияны 18ден 28ге чейинки жаш активисттер үчүн Кыргыз Республикасындагы Шайлоо системасынын эл аралык фондунун өкүлчүлүгү (IFES) эл аралык өнүктүрүү боюнча АКШ Агенттигинин (USAID) колдоосу менен уюштурган. Жогорку Кеӊештин депутаттары Дастан Бекешев жана Айсулуу Мамашова, «Common Cause» КФ директору Аида Суйундуева жана юридика илимдеринин доктору, Борбордук Азиядагы Эл аралык университетинин профессору Андрей Тен жарандык активдүүлүктөгү өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, адам укугу жаатындагы ишмердиги, шайлоо укугу, гендердик теӊ укуктуулукту камсыздоо тууралуу баяндап беришти.

Аида Суйунбаева жаштардын шайлоо процессине катышуусунун маанилүү экендигин белгиледи.

«Шайлоодо добуш бербеген электораттын басымдуу көпчүлүгү 18ден 25ке чейинки жаштар. Аларга шайлоого катышуунун канчалык маанилүү экендигин жеткирүү зарыл. Бул өлкөнүн жараны катары ар бирибиз саясий партиялардын программаларын, ал партиялар сунуштаган талапкерлерди жакшылап иликтеп чыгуубуз керек. Андан соӊ шайлоо институттары аркылуу бийликке келген саясатчылардын ишине сереп салууга тийишпиз.

Жаштар – эртеӊ чечим кабыл ала турган адамдар. Бүгүн, балким, алардын пикири эч кандай роль ойнобойт деп саясаттан көӊүлү калып жаткандыр. А чындыгында, ар бир адам таасир эте алат, 2-3 добуш шайлоо участогундагы жагдайды өзгөртүп коёт. Жаштар муну жакшы түшүнүп, парламенттик шайлоого активдүү катышса жакшы болмок».

Жолугушууда окуучулардан жана студенттерден чыккан өкүлдөр өздөрүнүн активдүүлүк тажрыйбасы тууралуу айтып беришти. Мисалы, КРСУнун архитектура жана курулуш факультетинин бүтүрүүчүсү Азамат Кучканбаев жеке өсүшүндөгү, коомдук иштердеги жана волонтёрлук тажрыйбасы менен бөлүштү.

“2020-жылы мен Төр-Көл айылында жогорку класстын окуучуларынын ОРТга даярдануусуна жардамдашып, университетке тапшырууда консультация берип жардам көрсөткөн элем. Пандемия башталгандан бери майыптар жашаган үй-бүлөлөргө жардам берип, азык-түлүк алып барып берип турдум. “Кара” июлда оорулууларды стационарларга жеткизип, кийин “кызыл аймакта” волонтёр болуп иштеп мед айымдарга жардам бердим. Бүгүнкү күндө мен өз кесибим менен иштеп жатам, мында мен студенттерди долбоорлоого үйрөтүүчү борборду ачууну каалайм”.

Марсель Усонов жүзөгө ашырылган Street Book долбоору тууралуу айтып берди, анын максаты – шаардыктардын арасында китеп окууга болгон кызыгууну жогорулатуу эле. Жаш активисттер атайын аянтча түзүшкөн, мында көчө китеп сатуучулары өз сунуштарын жүзөгө ашырып, ал эми бишкектиктер өздөрүнө жаккан китепти сатып ала алышат. Аталган иш-чарага ата мекендик жазуучулар жана артисттер катышты, шаардыктар китептерди сатып эле албастан, ырлардын декламацияларын угуп, шахмат ойноп, окуган чыгармаларын талкуулай да алышты.

“Акыркы убактарда жаштар коомдо болуп жаткан процесстерге кызуу кызыга баштады. Болуп өткөн дискуссиялык аянтчанын негизги максаты болуп активдүүлүк – бул кандайдыр бир олуттуу нерсе эле болбостон, биз күнүмдүк турмушта жасап жаткан майда-барат нерселер экенин да эскертүү эле. Мындан мыкты, а балким, улуу иштер жаралат”, – деп белгилейт профессор Андрей Тен.

Катышуучулар мамлекеттин жана коомдун демократиялык өнүгүү принциптерин, жаштар демилгесин көтөрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашып, канткенде саясий коррупцияны жана алдыда боло турган парламенттик шайлоодо добуш сатууларды чектөөгө боло тургандыгын кызуу талкуулашты. “Биз адам укуктарын алдыга жылдыруу жаатында мамлекеттик ишмерлердин тажрыйбасын талкуулап, биздин жарандардын шайлоо укуктарын бузууга каршылык көрсөтүүнү, жаштардын шайлоо процессиндеги ролун карадык. Жарандык жигердүүлүк абдан маанилүү, анткени биз өз келечегибизди тандап жатабыз. Мен шайлоолордо байкоочу болуп иштегем, менимче, жаштар шайлоого жана өлкөнүн турмушундагы башка бардык процесстерге активдүү катышышы керек”, – деп өзүнүн дискуссиялык аянтчага катышуусун “Манас” Кыргыз-Түрк университетинин 4-курсунун студенти Адина Рашидова түшүндүрдү.

Пикир

Оставить комментарий