• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жаштар жана кадеттер арасында оор атлетика боюнча өлкө чемпиондору аныкталды

Спорт 0

Бишкек, 24.02.21. /Кабар/. Бишкекте жаштар жана кадеттер арасында оор атлетика боюнча өлкөнүн чемпиондору аныкталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 17-19-февраль күндөрү өттү.

Республикалык чемпионатка өлкөнүн баардык облусунан жана Ош, Бишкек шаарларынан келген 170ке жакын спортчу катышты. Жеңүүчүлөр жана байгелүү орундун ээлери дирекциянын диплом, медалдары менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, чемпионат Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Оор атлетика федерациясы тарабынан уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий