• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жаштарга кесип тандоонун жолдорун үйрөтүштү

Коом 0

Бишкек, 27-июнь /Ислам Розиев – Кабар/. Кыргызстандагы жаштарды колдоо программасы «PRO – LiFE» уюму менен биргеликте жаштарды кесипти туура тандоого үндөгөн эки күндүк тренинг өткөрдү.

Спикер катары жолугушууда өздөрүнүн ишин жакшы билген Кыргызстандын белгилүү адамдары тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Алар өздөрү жөнүндө жана аталган тармакка кандай жолдор менен келгендерин айтып беришти.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев коомчулукка пайда алып келүү, адамдарга жардам берүү, аларга үлгү болуу максатында бул тармакты тандаганын айтып берди. “Бул мен үчүн жакшы тажрыйба болду, мындан улам мен МККда иштеп жүргөн кездеги тажрыйбаларым менен бөлүшөйүн деп чечтим. Ошондой эле, мен жаштарды жакшы жумушка тааныштар аркылуу гана орношсо болот деген көнүмүш адаттардан, жомоктордон арылткым келет”,-деди Догоев. Мындан тышкары ал ар бир адам өзүнө жана күчүнө ишениши керек деди.

Ошондой эле, тренингде белгилүү журналист Елена Воронина өзүнүн тажрыйбалары менен бөлүштү. Өз сөзүндө ал журналистика тармагындагы тажрыйбалары менен бөлүшүп, аталган кесипти тандап алганынын себебин түшүндүрдү.

“Мен кичинемден эле жазганды, адамдар менен сүйлөшкөндү жана ыктыярчы болгонду жактырчумун. Мендеги ушул сапаттар менин журналисттик кесипти тандап алуума түрткү болду”,- деди журналист.

Ошондой эле, Воронина жаштарды көп кырдуу болууга, жаңы билимдерди үйрөнүүгө чакырды.

Тренингде визажист Мээрим Төлебаева, белгилүү теле-радио алып баруучу Салтанат Саматовалар тажрыйбалары менен бөлүштү . Алар аудиториядагы жаштардын суроолоруна жооп беришип, кесип тандоодогу пайдалуу кеңештерди айтышты.

Бардык спикерлер жаштардын кызыгуусун арттыруу максатында билимдери менен бөлүшүштү.

Сүрөт Даниил Хашковскийдики

Пикир

Оставить комментарий