• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жаштык маскасы: Банан + Имбирь

Дүр дүйнө 0

Бул рецепт үйдө өзүнө кам көрүүнү жакшы көргөндөр үчүн абдан жагат. Маска жаш көрүнүүнү каалаган бардык кыз-келиндерге туура келет. Жашартуучу масканы даярдоо абдан оңой, ал эми анын натыйжасы чындап мыкты.

Дүкөндөрдө жашартуучу маскалардын түрлөрү көп, ал эми салондордо бул жаатта түрдүү процедуралар сунушталат.

Бул ыкмаларды качан да болсо колдонууга боолот. Бирок, алды менен имбирь жана банандан жасалган арзан жашартуучу масканы колдонуп көрүүгө болот.

Курамы:

— жакшы бышкан банандын үчтөн бир бөлүгү;
— кургак гранула түрүндөгү бир чай кашык имбирь;

— бир чай кашык имбирдин ширеси;

— эки чай кашык эфир же олив майынын (миндаль, аргана, кастор) каалаган түрү;
— бир жумуртканын агы.

Даярдоо жана колдонуу:

1) Банандан пюре жасап, ага имбить жана анын ширесин, майларды кошуу керек.

2) Жумуртканын агын чалып, ага калган аралашманы кошуп, коюу крем түрүнө айлангыча аралаштыруу зарыл.

3) Даяр болгон масканы бетке жука кылып жаап, кургаган соң дагы бир кат жабуу керек. Ушундай кылып бир нече ирет кайталанат.

4) Масканын акыркы катын жапкан соң, 20 мүнөткө калтыруу керек.

5) Масканы муздак суу менен жууп салабыз.

6) Процедурадан кийин бетке нымдандыруучу бет май сүйкөп коюу шарт.

Мындай масканын натыйжасы биринчи жолку колдонуудан кийин байкалат. Ал терини тартып, беттин түзүлүшүн так көрсөтөт. Адатта масканы бир жолу жабышат. Көп колдонуунун кажети жок.

Эгерде масканы кайталоону кааласаңыз, анда жумасына бир жолудан кылып 10 гана ирээт жасоого болот.

Интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий