• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жашы жете элек балдардын билим алуу укугу калыбына келтирилди

Коом 0

Бишкек, 26.11.21. /Кабар/. Жашы жете элек балдардын билим алуу укугу калыбына келтирилди. Бул тууралуу Акыйкатчынын катчылыгынан кабарлашты.

Маалымакта ылайык, КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) дарегине Н.Б. аттуу жаран кайрылган. Ал өз арызында 2012 жана 2014-жылы туулган жашы жете элек неберелерин апасы таштап кеткендигин жана учурда анын кайда экени белгисиз экенин билдирген. Ал ортодо Н.Б.нын жашы жете элек неберелери атасы Россияда болгондуктан, туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү жок, мектепке бара алышпайт.

Акыйкатчы институтунун балдардын, аялдардын жана үй-бүлөнүн укуктарын коргоо бөлүмү тиешелүүлүгүнө жараша КР Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине арыз ээсине тез арада жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кат жөнөткөн.

Акыйкатчы институтунун кийлигишүүсүнүн натыйжасында Н.Б.нын жашы жете элек неберелери 5-ноябрдан баштап мектепке кабыл алынды. Учурда министрлик жашы жете элек балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн алууга көмөктөшүү иштерин жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий