• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

«Жашыл демилгелерди» илгерилетүү. Кыргызстан эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууга кызыкдар

Президент 0

Бишкек, 06.06.23. /Кабар/. Кыргызстан эл аралык өнөктөштөр менен «жашыл демилгелерди» илгерилетүү боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун (ЕККУ) башкы катчысы Хельга Мария Шмид менен болгон жолугушууда билдирди.

Белгилей кетсек, Борбор Азия өлкөлөрүн кыдырып жүргөн Хельга Мария Шмидди президент күн мурун кабыл алган.

undefined

Президент жолугушууну жүрүшүндө быйыл Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрө күнүнүн 50 жылдыгын белгилеп жатканын эскертип, глобалдуу деңгээлде көтөрүлгөн тоолуу региондорду туруктуу өнүктүрүү маселелерине кенен токтолду.

Тактап айтканда, Садыр Жапаров климаттык өзгөрүү кесепеттерине байланыштуу өлкөнүн экономикалык саясатынын негизги артыкчылыктарынын бири болуп «жашыл экономиканы» илгерилетүү, экологиялык таза технологияларды ишке киргизүү жана айлана-чөйрөнү коргоо саналарын айтты. Кыргызстан эл аралык өнөктөштөр менен «жашыл демилгелерди» илгерилетүү боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар.

Өз кезегинде Хельга Мария Шмид президент Садыр Жапаровго жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан уюмдун эң маанилүү өнөктөшү жана катышуучу-өлкөсү экенин белгиледи.

Ал тоолуу өлкөлөрдү коргоо боюнча Кыргызстандынг көтөрүп жаткан демилгелерин жана аракеттерин жогору баалап, уюмдун БУУнун тоо өнөктөштүгүнө кошулгандыгын канааттануу менен белгиледи.

ЕККУнун башкы катчысы ЕККУ Кыргызстан жана Борбор Азия менен эки тараптуу жана аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин дагы бир жолу ырастады.

Президеттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууда өз ара кызыкчылык жараткан бардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө, ошондой эле жакынкы келечекте кызматташуунун приоритеттери тууралуу пикир алмашуу болду.

Пикир

Оставить комментарий