• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жашыл экономика, санариптештирүү жана бизнес. Бишкекте ири масштабдагы экономикалык форум өтөт

Экономика 0

Бишкек, 03.11.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкекте 5-ноябрда “Борбордук Азия – Европа Биримдиги” биринчи экономикалык форуму өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев билдирди.

Анын айтымында, форум бетме-бет форматында өтүп, негизги маселе катары жашыл экономика каралат.

“Иш-чарага Борбор Азия өлкөлөрүнүн премьер-министрлери, тышкы иштер министрлери жана Европа комиссиясынын вице-президенти Валдис Домбровскис катышат. Форумдун алкагында үч жалпы маселени талкуулаганы турабыз. Алардын бири жашыл экономика, ал Кыргызстанга керектүү жана маанилүү тармак. Европадан жаңы инвестиция жана иновациялар келет деп ишенип жатабыз. Жашыл экономика тармагы боюнча Европа бир топ алдыга озуп кеткен”, - дейт ал.

Аалиев иш-чаранын алкагында “Новател” отелинде бизнес форум өтө турганын маалымдады.

Борбор Азия боюнча Европа Биримдигинин атайын өкүлү Тери Хакала Европа Биримдигинин (ЕБ) бардык структуралары аталган форумга катыша турганын белгиледи.

“Коронавирустан улам иш-чара ийкемдүү форматта өтөт. Пандемияга байланыштуу Европадан бардык катышуучулар келе албайт. Форумда жашыл экономикадан тышкары, санариптештирүү жана бизнес чөйрөнү жакшыртуу темасы каралат. Иш-чаранын концепциясы өнүгүп, жакшыртылып, алдыда кеңири форматта өткөрүүгө неиттенип жатабыз”, - деди ал.

Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси, Европа Биримдигиндеги туруктуу өкүлү Мухтар Жумалиевдин пикиринде, алдыдагы экономикалык форум Борбор Азиялык масштабда алгачкы жолу өтөт.

“Буга чейин дагы саясат, экономика жана адам укугу боюнча форумдар өтүп келген. Бирок экономикага басым жасалган платформа биринчи жолу болууда. 2019-жылдан бери даярдык иштер жүрүп, быйыл өтүп жатат. Мындан кийин форум жыл сайын же эки жылда бир жолу прмьер-министрлердин чечими менен Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн бир шаарында өтүп турат”, - деди Жумалиев.

Пикир

Оставить комментарий