• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

«Жашыл» экономиканы өнүктүрүү маселеси боюнча координациялык кеңештин алгачкы кеңешмеси өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 27.09.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Климаттын жана экологиянын өзгөрүүсү жана «жашыл» экономиканы өнүктүрүү маселеси боюнча координациялык кеңештин алгачкы кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Күн тартибинде 4 маселе, анын катарында «Кыргыз Республикасынын улуттук деңгээлде аныкталган салымы» (УДАС) документинин долбоору каралды.

Маалыматка ылайык, аталган долбоор митигация (климаттын өзгөрүү таасирин жумшартуу) жана адаптация боюнча чараларды ишке ашыруу жолу аркылуу парник газдарынын бөлүп чыгарууларын кыскартууну карайт.

Министрлер Кабинетинин башчысы, ошол эле учурда Координациялык кенештин төрагасы Улукбек Марипов белгилегендей, учурда Министрлер Кабинетинин артыкчылыктуу багыттарынын бири экологиялык коопсуздук жана климаттын туруктуулугу маселеси болуп саналат.

Кеңешменин жүрүшүндө «Климаттык инвестициялык программанын» учурдагы абалы тууралуу маалымат угулду, анда Министрлер Кабинетинин Төрагасы глобалдык климаттык институттардан жана фонддордон инвестицияларды тартуу боюнча ишке мамлекеттик органдардын активдүү тартылышы зарылдыгын белгиледи.

Ал кошумчалагандай, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары БУУ климаттын өзгөрүшү боюнча Алкактык конвенциясынын (КӨАК) тараптардын XXVI конференциясынын ишине катышуучу кыргыз делегациясынын сапаттуу даярдыгын камсыздоосу тийиш.

Жыйынтыгы боюнча кеңешменин күн тартибиндеги бардык маселелер, анын ичинде жакында БУУ КӨАК катчылыгына сунушталуучу «Кыргыз Республикасынын улуттук деңгээлде аныкталган салымы» (УДАС) документи жактырылды.

Маалымдама: БУУ Климаттын өзгөрүшү боюнча Алкактык конвенциясынын (КӨАК) тараптарынын XXVI конференциясы 2021-жылдын ноябрь айында Глазго (Улуу Британия) шаарында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий