• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Жашыл экономиканын узак мөөнөттүү үлгүсүнүн “ядросу” КРнын суу ресурстары болушу керек – Панкратов

Экономика 0

Бишкек, 19.10.18. /Кабар/. Жашыл экономиканын узак мөөнөттүү үлгүсүнүн “ядросу” КРнын суу ресурстары болушу керек. Бул тууралуу “Жашыл экономика” форумунда экономика министри Олег Панкратов билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата КРнын 2019-2023-жылдарга карата жашыл экономикага өтүү боюнча программасынын биринчи долбоору даярдалды.

“Өлкөнүн тоо экосистемасы тарабынан чогултулган суу ресурстары стратегия-2040тын узак мөөнөттүү артыкчылыктарын өнүктүрүү үчүн булак болуп эсептелет. Тагыраак айтканда, калктын таза сууга жана сугат сууларына жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн, энергетикалык сектордун күчтүүлүгүн өстүрүү үчүн, агроөнөр жай жана экономиканын башка тармактарын интенсивдүү өнүктүрүү үчүн булак болуп саналат. Белгилүү болгондой, Кыргызстан суу ресурстары өзүнүн аймагында түзүлгөн Борбордук Азиядагы жалгыз өлкө”, - деди ал.

Панкратов жашыл экономиканы киргизүү үчүн Кыргызстан экологиялык жактан таза технологияларды алып кирүүгө түрткү болгон системаны иштеп чыгып, киргизүүсү керектигин айтты. Ошондой эле айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн айып пул санкцияларын жана экосистемалык кызмат көрсөтүүлөр, суу колдонуу үчүн төлөм киргизиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий