• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жашыл климат фонду Кыргызстан менен кызматташууга даяр

Коом 0

Бишкек, 15.06.22. /Кабар/. Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Жашыл климат фондунун аткаруучу директору Янник Глемарик менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү маселелери талкууланды.

Тактап айтканда, элчи Кыргызстандын туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн инвестицияларды тартуу, жакырчылыкты жеңүү, жеке ишкерликти өнүктүрүү жана колдоо, айыл элинин иш менен камсыз болушун жана кирешесин жогорулатуу, айылдын инфраструктурасын жакшыртуу, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жааттарында жергиликтүү жамааттардын чечимдерди кабыл алуу көндүмдөрүн күчөтүү багыттарына көңүл бурду.

Өз кезегинде, Жашыл климат фонду Кыргызстандын улуттук жана аймактык климаттык долбоорлорун колдойт деген ишенимин билдирди. Ошондой эле элчи Кыргызстандын эксперттерине максаттуу долбоорлорду даярдоодо эксперттик жана техникалык жардам көрсөтүүнү, тараптардын эксперттик деңгээлде, анын ичинде видеоконференция аркылуу өз ара аракеттенүүсүн күчөтүүнү өтүндү.

Янник Глемарик Жашыл климат фонду Кыргызстан менен кызматташууга ар дайым даяр экенинин жана фонддун адистери өз тарабынан Кыргызстандын мамлекеттик органдарына керектүү колдоо, коштоо көрсөтүгө жана кеңештерин берүүгө даяр экендигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий