• 84.81
  • 101.79
  • 1.14

Азык-түлүктү жана тамактанууну жакшыртуу: Жашыл климаттык фонд Кыргызстанга $10 млн бөлөт

Коом 0

Бишкек, 04.12.18. / Кабар/. Алгачкы ирет Жашыл климаттык фонд Кыргызстанга грант иретинде 10 млн. доллар бөлөт. Ал каражат азык-түлүктү жана тамактанууну жакшыртуу үчүн климаттын өзгөрүшүнө көнүгүү иш-чараларына берилет. Бул тууралуу КРдагы БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын директору Андреа Баньоли “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ал каражаттар БУУнун аталган программасы менен КРнын айлан-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин 2019-2022-жылдардагы биргелешкен долбоорлорун ишке ашырууга багытталат.

Бул долбоорго Баткен, Ош жана Нарын облустарынын 100 миңден ашык тургундары катышат. БУУнун аталган программасы менен мамлекеттик агенттик долбоорлорду ӨКМ, Социалдык өнүктүрүү министрлиги жана Айыл чарба министрлиги менен кызматташтыкта жүзөөгө ашырат.

Ал белгилегендей, гранттык каражаттар сугат инфраструктурасын өнүктүрүүгө, айыл чарба жерлерин суу жээктерин бекемдөө жана дамба куруу менен сел жана суу ташкындарынан сактоого жумшалат.

“Мындан тышкары долбоордун алкагында дыйкандарга климаттын өзгөрүү шарттарында жаңычыл айыл чарба техникаларын колдонууну, анын ичинде айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүнү үйрөнүүгө жардам көрсөтүлөт. Ошондой эле Кыргыз метеорологиялык кызматын техникалык жактан жабдууга каражат берилет. Климаттык маалыматтарды чогултуу, талдоо (температураны, жаан-чачынды ченөө), андан алынган маалыматтар менен дыйкандарды кабардар кылуу үчүн сегиз аба ырайы станцияларын орнотуу болжолдонууда. Муну менен дыйкандар өндүрүмдүүлүктү арттыруу үчүн айыл-чарба иштерин натыйжалуу пландоосуна мүмкүндүк алат”, - дейт Боньоли.

Ал билдиргендей, каражаттын биринчи бөлүгү 2019-жылдын апрель айында которулуп, долбоор үч жылдын ичинде аткарылат. Жашыл климаттык фонд долбоордун ишке ашуу мөөнөттөрүн дыкат көзөмөлгө алат.

Пикир

Оставить комментарий