• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жашыл Мурас. Бишкекте бир күн ичинде эки миңден ашык дарак отургузулду

Коом 0

Бишкек, 26.03.22. /Кабар/. Бишкекте бир күн ичинде эки миңден ашык дарак отургузулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

“Ынтымак-2” сейил багында шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров жана Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапиль Жошыбаев 30 түп клен, ясень, липа жана куш алча көчөттөрүн отургузушту.

Ошол эле учурда Ден соолук паркына «Мастерская счастья» уюму тарабынан 110 түп кайың отургузулду.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэри шаарга 2000 клен жана ясень көчөттөрүн белек кылды. Анын ичинен Калыс-Ордо конушуна миң, Мурас-Ордо конушуна 500, Ак-Босого конушуна 500 жаш көчөт отургузулду.

Белгилей кетсек, бардык көчөттөр “Жашыл Мурас” жашылдандыруу боюнча улуттук кампаниянын алкагында өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий