• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жашыл мурас. Бишкектин эки районунда бир күндө 800дөн ашуун көчөт отургузулду

Коом 0

Бишкек,10.04.22. /Кабар/. Бишкектин Октябрь жана Биринчи май райондорунда 812 жаш көчөт отургузулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жашылдандыруу иш-чараларына борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров катышты.

Белгиленгендей, Ч.Түлебердиев атындагы сейил багында көчөт отургузуу иштери таң эрте башталды. Ал жерге 60 түп күл (ясень) жана клен көчөттөрү отургузулду. Учурда “Ынтымак 1, 2” сейил бактарында жана “Ден соолук” паркында 760тан ашык кайың, карагай, катальпа жана липалар бар.

"Отургузулган көчөттөр борбор калаадгы жаңы сейил бактарды жашылдандырууга жардам берип, абаны тазалоодо чоң роль ойнойт", - деп баса белгилешти мэриядан.

Ошондой эле Биринчи май районунун Эркиндик бульварында райондук администрация тарабынан Чүй проспектисинен Москва көчөсүнө чейин кошумча 7 миң даана тосмо отургузулду.

Бишкек шаарынын мэриясы шаарды жашылдандырууга кайдыгер карабаган жарандарга жана уюмдарга колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирет. Аткарылган иштер борбор калааны өнүктүрүүгө кошкон чоң салым жана урпактарга эң жакшы мурас болуп калат.

Пикир

Оставить комментарий