• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жашыл мурас: Быйыл Жалал-Абад облусунун аймагында 556 миң даана көчөт отургузулат

Аймак 0

Бишкек, 19.03.22. /Кабар/. Быйыл Жалал-Абад облусунун аймагында 556 миң даана көчөт отургузулат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, президенттин демилгеси менен "Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын" алкагында уюштурулган "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгү Жалал-Абад облусунун аймагында уланып жатат.

Бүгүнкү ишембиликтин алкагында президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери менен бирге Базар-Коргон районунун Бешик-Жоон айыл аймагынын Карача айылындагы жол жээктерине 150 түп ийне жалбырактуу арча көчөттөрүн отургузушту.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары өлкө башчысынын демилгеси облустагы жер-жерлерде уюшкандыкта колго алынганын билдирди. Анын алкагында, Базар-Коргон районунунда 7 миңден ашуун көчөт отургузуларын айтып, бул жылга облус аймагында 556 миң даана дарак көчөттөрүн отургузуу пландалганын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий