• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Жашыл мурас". Кыргызстандын энергетиктери бак отургузуу өнөктүгүнө катышат

Коом 0

Бишкек, 29.03.22. /Кабар/. Кыргызстандын энергетиктери “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнө катышат. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “2022-жылды тоолордун экотутумун коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө” КР президентинин жарлыгын аткаруунун алкагында, “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүн жүзөгө ашыруу максатында Энергетика министрлики, Улуттук энергохолдинг жана анын туунду коомдору аймактарды бир катар жашылдандыруу жана тазалоо иштерин жасоону пландап жатат. Мындай тазалоо иштери мамлекеттин бардык облустарында аткарылмакчы.

Энергетикалык компаниялар ишембиликтин алкагында аларга бөлүнүп берилген аймактарга көчөттөрдү отургузат жана аймактарды жашылдандырат. Мындан тышкары айрым энергетикалык компаниялар экология темасына арналган ачык сабактарды, сүрөт тартуу конкурстарын өткөрүүнү, айлана-чөйрөнү коргоо жана сактоо боюнча маалыматтык өнөктүктү демилгелеп жатат.

Белгилей кетсек, ишембилик өткөрүү энергетикалык компаниялардын салтына айланган, жыл сайын энергетиктер аймактарды жакшыртуу, жашылдандыруу жана тазалоо, бак-дарактарды актоо иштерин жасашат.

Пикир

Оставить комментарий