• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жашыл мурас өнөктүгү: Жалал-Абадда бак тигүү акциясы уланууда

Аймак 0

Бишкек, 20.03.22. /Кабар/. "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүнүн алкагында Жалал-Абад шаарындагы 'Барпы-Сейил" аллеясына КР ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын өздүк курамы тарабынан павловния көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, өлкө башчысы белгилеген өнөктүк республиканын бардык аймактарында жүрүп, учурда мекеме-ишканалар тарабынан жашылдандыруу иштери кызуу жүрүүдө.

Белгилүү болгондой, аталган акция өлкө аймагында үч айга чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий