• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жашыл мурас: Нарын шаардык мэриясы 400 түп карагай көчөтүн сатып алат

Аймак 0

Бишкек, 23.03.22. /Кабар/. "Жашыл мурас" долбоорунун алкагында Нарын шаардык Жашылдандыруу муниципалдык ишканасы 400 түп жашыл карагайдын көчөтүн сатып алат. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шаарын мэри Канболот Тутуев жашылдандыруу ишканасына барып, 51 кызматкерден турган эмгек жамаат менен жолукту. Ишкана тарабынан шаардагы 11 сквер, 7 парк жана 1 питомник жана көчө боюндагы бак-дарактар тейленет.

Жолугушуу учурунда кызматкерлердин түйшүктүү иштерин белгилеп, жаңы отургузулуп жаткан көчөттөрдү жакшы карап өстүрүүнү тапшырды. Муну менен республика аймагында жүрүп жаткан "Жашыл мурас" долбоорун жеткиликтүү ишке ашыруу аракети көрүлөт.

"Бак тигүү бул сооп иш. Сиздер сооп иш жасап жатасыздар! Быйыл жүздөгөн көчөттөрдү отургузалы деп жатабыз. Мен өз командам менен бирге көк карагайдын көчөттөрүн алып отургазалы деген демилге көтөрдүк. Бул демилгебиз колдоо таап, шаарыбыздагы мекеме-ишкана жамааттары да көчөт алып бермей болушту. Көчөттөрдү отургузуп, өстүрүп алсак шаарыбыз көрктөнө түшөт", - деди шаар башчысы.

Жашылдандыруу муниципалдык ишканасы 1 млн сомго 400 түп көк карагайдын көчөттөрүн сатып алышат. Ошондой эле шаарыбыздагы жеке ишкерлер жана шаардык кеңештин депутаттары да бул демилгени колдоп, көчөт тигишет.

Мындан тышкары, жолугушууда Нарын шаары менен Ош шаарынын ортосунда достук алакасын түзүп, муну менен Нарынга миң түп можжевильниктин көчөттөрү алынып келинери белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий