• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жашыл мурас. Ноокенде 200дөн ашуун арча көчөттөрү отургузулду

Аймак 0

Бишкек, 28.03.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусундагы мекеме-ишканалардын жетекчилери "Жашыл мурас" өнөктүгүн Ноокен районунда улантышты. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында Сакалды айыл аймагынын Аримжан айылындагы жол боюна 200дөн ашуун арча көчөттөрү отургузулду.

Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев катышты. Өкүлдүн орун басары демилге Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында ишке ашып жатканын билдирди. Ал ошондой эле отургузулган көчөттөрдүн өсүүсү өзгөчө көзөмөлдө болорун баса белгилеп, кам көрүүдө тургундарды да кайдыгер карабоого чакырды.

Өнөктүктүн алкагында Ноокен районунда 5 миң 418 даана дарак көчөттөрүн отургузуу пландалган.

Пикир

Оставить комментарий