• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жашыл мурас. Ош шаарындагы аэропорттун аймагына 100 түп көчөт отургузулду

Аймак 0

Бишкек, 26.04.22. /Кабар/. «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын Ош филиалынын жамааты аэропорттун өзүнө бөлүнгөн аймагына 100 түп арча, кут дарак (павловния) жана теректин көчөттөрүн отургузушту.Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара “Жашыл мурас» улуттук кампаниясынын алкагында өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө кызматкерлер аэробекет комплексине жакын аймактарды көрктөндүрүү жана тазалоо иштерин жүргүзүп, кампалардын, өндүрүш аянтчаларынын жана имараттардын аймактарын иретке келтиришти.

Эскерте кетсек, «Жашыл мурас» улуттук кампаниясы КР президенти Садыр Жапаров тарабынан тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылынын жана Кыргызстандагы Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында башталган.

«Жашыл мурас» улуттук кампаниясы республика боюнча ар бир аймакта өткөрүлүп, жыл сайын салтка айланып калмакчы. Республика боюнча жыл сайын 5-6 мн көчөт отургузуу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий