• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Жашыл мурас". Салык кызматкерлери өлкө аймагында 5 миңден ашык көчөт отургузду

Коом 0

Бишкек, 26.04.22. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери “Жашыл мурас” улуттук кампаниясына кошулуп, экологияны коргоо жана жаратылыш мурастарын сактоо боюнча жалпы республикалык акцияга активдүү катышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында республиканын салык органдарынын кызматкерлери бүгүнкү күндө ийне жалбырактуу жана жазы жалбырактуу дарактардын 5 миң 216 көчөтүн, анын ичинде көк карагай, арча, терек, кайың, туя, каштан жана башка түрлөрүн отургузушту.

Көчөттөрдү отургузуу парктарда, скверлерде, салык органдарына жакын аймактарда, жолдордун жээгинде жана башка коомдук жайларда жүргүзүлдү.

"Жашыл мурас" жалпы республикалык кампаниясы климаттын туруктуулугун жогорулатууга жана жаратылыш мурастарын сактоого багытталган жана КР президентинин "2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө" жарлыгынын алкагында өтүп жатат.

Салык органдарынын кызматкерлери жер-жерлерде жергиликтүү бак-дарактарды, анын ичинде жаш бак-дарактардын көчөттөрүнө андан ары кам көрүүнү камсыз кылышат.

Пикир

Оставить комментарий