• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Жашыл мурас. Жети-Өгүздө Тянь-Шань карагайынын 3,4 миң көчөтү отургузулду

Аймак 0

Бишкек, 03.05.22. /Кабар/. Жети-Өгүз районундагы Барскоон токойчулугунун Тарылга участкасындагы 4 гектар жерге Тянь-Шань карагайынын 3 миң 400 даана көчөтү отургузулду. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Жети-Өгүз районунун акими Мураталы Тагаев, райондогу бардык мекемелердин, ишканалардын кызматкерлери катышты.

“Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн жарыялаган болчу. Тянь-Шань карагайларынын көчөттөрүн отургузуу ошол өнөктүктүн алкагында жүрүүдө. Быйыл план боюнча Токой чарбасы 25 гектар жерге көчөт отургузушу керек болчу. Ал эми жалпы район боюнча быйыл 16 миң көчөт отургузуу пландалган жана иш жүзүнө ашууда. Бул көчөттөр болсо Токой чарбасынын планынан сырткары жерге отургузулууда", -деди Тагаев.

Пикир

Оставить комментарий