• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жашылдандыруу эрежелерин бузгандыгы үчүн айрым компанияларга айып салынат — мэрия

Коом 0

Бишкек, 13.07.21. /Кабар/. Муниципалитеттин санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору борбор калаанын санитардык абалын жакшыртуу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн “Датка Курулуш”, “ТСТ Сервис Строй” компанияларына жана У.Асаналиев атындагы Кыргыз мамлекеттик геология университетине КР “Бузуулар жөнүндө” кодексинин 70-беренеси боюнча айыппул салынды. (Жеке жактарга 3 миң, юридикалык жактарга 13 миң сом.)

"Ошондой эле шаар тургуну Ю.Шатохина 71-берененин 2-бөлүгүнө ылайык, өндүрүштүк таштандыларды унаа жолуна таштагандыгы үчүн жооп берет, ал 7500 сом айып төлөөгө тийиш. Жолдордогу жумуштарды аткарууга коюлган талаптарды бузгандыгы үчүн “Энерготранзит” компаниясына 119-1-1-берене боюнча протокол түзүлүп, 23 миң сомдук айыппул салынды", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий