• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Жашылдандыруу” кызматкерлери шамалдан кулаган бактарды тазалады

Коом 0

Бишкек, 18.10.17. /Кабар/. “Жашылдандыруу” ишканасынын кызматкерлери шамалдан кулаган бак-дарактарды тазалашты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Шаардыктардан 2 билдирүү түшкөн. Авариялык бактарды тазалоого ишкананын 40 кызматкери жана атайын техникалар тартылган. Бак кулоодон жабыркагандар жок.

Бишкек мэриясы жарандарды этият болуп, бак-дарактардын алдында абайлап жүрүүгө жана алардын алдына унааларды калтырбоого чакырат.

Бардык билдирүүлөрдү “Жашылдандыруунун” 374784 номерине WhatsApp колдонмосу аркылуу жөнөтүүнү суранат.

- Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557 997 927;
- Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 955 509;
- Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи май району) — 0558 336 640;
- Касымбеков Рустам Асаналиевич (Свердлов району) — 0703 611 806.

Ошондой эле жарандар үчүн 185 жана 1840 чалуу борборлорунун номерлери иштейт. Маселелер боюнча сүрөтү менен билдирүүлөрдү 0554 -182-185 номерине жөнөтүүгө болот.

Пикир

Оставить комментарий