• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

“Жашылдандыруу” МИ: “Айчүрөк” БУМ администрациясы коомдук бакчадагы жерди мыйзамсыз басып алууда

Коом 0

Бишкек 27-март /Роман Гайнанов - Кабар/. “Айчүрөк” БУМ администрациясы “Театралдык бакчадагы” жерди мыйзамсыз басып алууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасынын мастери Нурлан Абдысатаров билдирди.

Анын айтымында, БУМдун администрациясы соода борборунун сырт жагындагы “Театралдык” бакчаны мыйзамсыз куруу иштерин баштады. “Алар учурда “Жашылдандыруунун” балансында болуп, шаардыктардын эс алуу зонасы болгон парктын аймагында дубал коюп жатышат. Мына көрүп турганыңыздардай, бул жерде күркөлөр турат, бактар, бадалдар отургузулган, эми булар бардык бактарды жөн гана кыркып салып, унаа токтоочу жай же эмне салышарын билбейм. Алар өз аймагында унаа токтоочу жай салуулары керек эле, бирок, көрүп турасыздар, алар бакчаны жок кылып жатышат. Буларга ким уруксат бергенин билбейм. БУМ жетекчилиги бизден качып, сүйлөшпөй жатышат”, -деди ал.

Ошондой эле, ал шаардык куруу маселелери боюнча Бишкек мэряисы алектенет, бирок, “Жашылдандыруу” жетекчилиги азырынча ал жакка кайрыла электигин кошумчалады.

Эскерте кетсек, 2016-жылы жайында шаар мэриясы жарандарга БУМдун артындагы кичи базардын ордуна заманбап унаа токтотуучу жай курууну убада кылган. Бирок, буга байланыштуу соодагерлер менен талаш чыгып, кийин жоюлган.

21-июнда Бишкекбашкыархитектурасынын шаар куруу кеңешинде “Айчүрөк” БУМду кайра куруу долбоорунун эскиздери сунушталган. Ага ылайык, кичи базардын ордуна көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жай курулат.

Пикир

Оставить комментарий