• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жаза аткаруу кызматы Аида Салянованын саламаттыгы тууралуу маалымат берди

Коом 0

Бишкек, 31.07.19. /Кабар/. Учурда айыпталуучу Аида Салянованын саламаттыгы канааттандырарлык. Ал азыр Бишкектеги №1 тергөө абагында Жаза аткаруу кызматынын дарыгерлеринин көзөмөлүндө болууда. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, дарыгерлер дайыма Салянованын саламаттыгын текшерип турушат. Алардын жыйынтыгы боюнча Салянова стационардык дарыланууга муктаж эмес. Текшерүү анын саламаттыгы канааттандырарлык, абалы жакшы экендигин көрсөткөн.

Ведомствонун дарыгерлери аны менен операция жасоо боюнча маектешишкен, бирок Салянова Кыргызстанда операция жасатуудан баш тартууда.

Эскерте кетчү нерсе, Салянова тергөө иштерине катышууда. Ал тергөө абагынан тергөө иш-чараларына катышуу үчүн чыгарылат.

Пикир

Оставить комментарий