• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жаза аткаруу кызматы: Бишкек, Ош жана Жалал-Абаддагы убактылуу кармоочу жайлар шаардын сыртына көчүрүлөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 10.04.19 /Кабар/. Шаардагы түрмөлөрдү калаанын сыртына чыгаруу боюнча өкмөттүн алдында түзүлгөн комиссия иштеп жатат. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Мелис Турганбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы убактылуу кармоочу жайларды калаанын сыртына көчүрүү пландары бар.

Ал үчүн учурда элчиликтер менен сүйлөшүүлөр жүрүп, инвестор изделүүдө.

Турганбаев каржы маселелеринен улам абактар шаар сыртына көчүрүлбөй жатканын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий