• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жаза мөөнөтүн өтөөнү аяктап калган адамдардын кайра социалдашуусу үчүн ылайыктуу шарттар түзүлөт

Коом 0

Бишкек, 04.12.18. /Кабар/. Кечээ, 3 – декабрдагы жыйынында Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет Пробация институтун жайылтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү карады. Бул багытта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров баяндама жасап, мыйзам маанисин түшүндүрдү. Анда белгиленгендей, жазыктык-укуктук мүнөздөгү чаралар колдонулган адамдардын түзөлүүсү жана кайра социалдашуусу үчүн ылайыктуу шарттарды түзүү аракеттери колго алынат.

Сунушталган мыйзам долбооруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин жашы жете электерди кайра социалдаштыруу жана кайра интеграциялоо, алар тарабынан кайрадан укук бузууну болтурбоо максатында пробация органын ювеналдык юстицияга кошуу бөлүгүнө өзгөртүүлөр сунушталууда.

Талкууда депутат Тазабек Икрамов, - “Тоок уурдады, - деп эле жаш балдардын тагдырына балта чабуудан алыс болсок. Анын ордуна аларга туура түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, келечегин ойлосок”, - дейт.

Жаза мөөнөтүн өтөп жаткандардын так санын билгиси келген депутат Аида Исмаилова, - абактагылар менен иш алып барган адистердин жетишер – жетишпестигине кызыкты.

Өкмөттүк эмес уюмдардын социалдык буюртмалар менен иштөөсүнө көңүл бурган мамлекеттер бар экендигин белгилеген, - депутат Евгения Строкова ошол эле учурда алардын таап чыккан көйгөйлөрүнө да кош көңүл кароого болбостугун билдирди.

Талкуу жыйынтыгында Пробация институтун жайылтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына сунушталып жаткан өзгөртүүлөр Укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы аракттенүү боюнча комитетинин кароосуна жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий