• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жазаларды аткаруу кызматы А.Атамбаевдин сотко алып келиниши боюнча түшүндүрмө берди

Коом 0

Бишкек, 27.03.22. /Кабар/. Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы кырдаал боюнча түшүндүрмө берди.

Ведомствонун басма сөз кызматы учурда талкууланып жаткан айыпталуучу А.Атамбаевди сот залына күчтөп алып келүү делген темага байланыштуу төмөндөгүлөрдү билдирет:

Атамбаев Алмазбек Шаршенович, 1956-жылы туулган, 2020-жылдын 27-октябрында №47 түзөтүү мекемесине №21 мекемеден (СИЗО-1) режимдин түрүнө ылайык бөлүштүрүү боюнча жазасын андан ары өтөө үчүн келген.

А.Ш.Атамбаев кабыл алынгандан тартып №47 медициналык-түзөтүү мекемесинин дарыгерлери жана КР Саламаттык сактоо министрлигинин адистери: кардиолог, нейрохирург, терапевт тарабынан бир нече жолу текшерүүдөн өткөн.

Борбор калаанын Биринчи май райондук сотунун чечими менен (Учурда А.Атамбаевге карата кылмыш иштери каралып жатат) 2021-жылдын май айында Саламаттык сактоо министрлиги менен кардиолог, пульмонолог, невропатолог жана нейрохирургдан турган комиссиялык экспертиза уюштурулган. А.Ш.Атамбаев андан кескин түрдө баш тарткан, бул А.Атамбаевдин өзүнүн жазуу жүзүндөгү баш тартуусу жана КР Саламаттык сактоо министрлигинин адистеринин тиешелүү расмий актысы менен тастыкталган.

Ошондой эле Биринчи май райондук сотунун чечиминин негизинде 2021-жылдын 13-августунда соттук-медициналык эксперттик комиссия түзүлүп, ага карабай А.Атамбаевге экспертиза жүргүзүлүп, комиссия өз корутундусун чыгарган. Ошол эле учурда диагнозду тактоо үчүн бир катар экспертизаларды өткөрүү сунушталган, бирок А.Атамбаев кайрадан текшерүүдөн баш тарткан, бул боюнча да тиешелүү акты бар.

Акыркы иш боюнча айта кетсек, 2022-жылдын 23-мартында А.Атамбаев ден соолугунун абалы боюнча медициналык жардам сурап кайрылган эмес жана сотко ден соолугу тууралуу маалымкат берилген эмес. Мекемеге кайтып келгенден кийин ага ЭКГ текшерүү сунушталган, А.Атамбаев андан кескин түрдө баш тарткан, ошондой эле физикалык текшерүүдөн өтүүдөн баш тартып, бул боюнча да акт түзүлгөн.

Адвокат З.Жоошевдин 23-мартта А.Атамбаевди соттук отурумдарга катыштырбай койгон жактоочусунун абалы боюнча медициналык экспертизанын корутундусун массалык маалымат каражаттары аркылуу көрсөткөн билдирүүсү аша чапкандык. Себеби, ал үстүбүздөгү жылдын 11-мартында, башкача айтканда, көрсөтүлгөн күнгө гана берилген медициналык маалымкат.

Ошондой эле КР Жазык-процесстик кодексинин 39-беренесине ылайык жазык-аткаруу тутумунун органдары жана мекемелери тергөө органдарына кирет жана соттун жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрүн жана буйруктарын аткарууга милдеттүү экендигин белгилейбиз.

2021-жылдын 15-ноябрындагы “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” КР Конституциялык Мыйзамынын 4-беренесине ылайык, судьянын сот адилеттигин жүзөгө ашыруудагы талаптары жана буйруктары бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн милдеттүү. - мамлекеттик органдарга, кызмат адамдарына, жеке жана юридикалык жактарга эч кандай чектөөсүз жана катуу түрдө аткарылууга тийиш.

Соттун чечимдерин аткарбоо, талаптагыдай эмес аткаруу же аткарууга тоскоолдук кылуу мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

Биринчи май райондук сотунун отуруму 2022-жылдын 23-мартына саат 14.00гө белгиленген талабында А.Атамбаев 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча иш каралып жаткан сотко жеткирилиши керектиги айтылган.

Мекеменин кызматкерлери аны эч кандай физикалык жана психологиялык кысым көрсөтпөстөн, көрсөтмөлөрдү так аткарып, сотко алып барышкан. Бирок, А.Атамбаев машиненин ичинде ЖАКнын кызматкерлерин кемсинтип, чыр-чатак чыгарып, орой сөздөрдү айтып, коомчулуктун көңүлүн буруп, ошону менен сот процессине катышпоого аракет кылган.

Соттун имаратына жеткирилгенден кийин, машиненин ичинен бут кийимин жана байпактарын чечип, жактоочуларын бул жакка жылаңайлак алып келишкендигине ишендирүүгө аракет кылган.

2020-жылдын 30-декабрынан бери А.Атамбаевди сот залына жеткирүү боюнча Биринчи май райондук сотунун 63 талабы келип түшкөн, анын 61и соттук териштирүүгө катышуудан баш тарткандыктан аткарылган эмес деп кошумчалайбыз.

Анын оор абалы тууралуу ар кандай билдирүүлөргө карабастан, А.Атамбаев №47 мекемеде өзүнө келгендер менен жеке жолугуп жатканын белгилейбиз. Тактап айтканда, жакын туугандары, укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү жана башка адамдар менен.

Учурда А.Атамбаев №47 мекемеде отуруусун улантууда жана анын мындан аркы соттук процесстерге катышуусу боюнча маселе мыйзамда белгиленген нормалардын алкагында чечилет.

Пикир

Оставить комментарий