• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жазаларды аткаруу кызматында кызматкерлер тагынып жүрүүчү видеорегистраторлор презентацияланды

Коом 0

Бишкек, 07.03.20. /Кабар/. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында кызматкерлер төшүнө тагып жүрүүчү видеорегистраторлор презентацияланды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Иш-чарага Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Мелис Турганбаев жана башка жетекчилер, аталган кызматтын алдындагы коомдук кеңештин төрайымы Чолпон Өмүрканова, өзбекстандык "Узэлектроаппарат Электрощит" акционердик коомунун байланыш секторунун башчысы Евгений Меркулов, "Hytero" компаниясынын Өзбекстандагы өкүлү, инженер Илья Марченко катышкан.

"Кеңешмеде өзбекстандык өкүлдөр өздөрү сунуштап жаткан видеорегистраторлор тууралуу маалымат берип, суроолорго жооп берди. Ошондой эле, алардын видеорегистраторлорун тагынган 16-мекеменин кызматкерлери аркылуу анын онлайн байланышы, иштөө мүмкүнчүлүгү текшерилди. Маалыматка ылайык, бул аппарат 24 саат бою түз эфирге чыгып, борбордук аппаратка көрүнүп турат", - деп айтылат маалыматта.

"Hytero" фирмасынын Өзбекстандагы өкүлү Илья Марченконун айтымында, персоналдуу видеорегистратор видео, аудио материалдарды окуя болгон жерде тартуу, сактоо жана берүүгө ылайыкташкан. Мында камера менен катар диктафон коюлган. Бул система 3G, 4Gга кошула алат жана үн байланышты камсыз кылат, кооптуу учурда сигнал берүүгө ылайыкташкан. Ал ошондой эле, жабык түйүндөрдө иштейт.

"Негизинен, бул система укук коргоо органдарында жана жарандарда далил жыйноо ишине багытталган. Ал 1993-жылдан бери коопсуздукту сактоо максатында ар кандай кооптуу учурда радио байланышууга адистештирилип, "Hytero" компаниясына таандык. Өзбекстанда бул жабдык ИИМде, Улуттук гвардияда жана башка мекемелерде колдонулуп келет",- деген Марченко.

"Эске сала кетсек, буга чейин Жазаларды аткаруу кызматына баардыгы 174 вилеорегистратор алынган жана 4 жабык жайларга таратылган. Мындай аппараттар кызматкерлердин коопсуздугун гана эмес, алардын жана соттолгондордун тартибин көзөмөлдөөгө чоң өбөлгө түзөт. Соттолгондор кызматкерлерди сөгүп же баш ийбестик жасай албайт", - деп билдиришти аталган кызматтан.

Пикир

Оставить комментарий