• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жазаларды аткаруу кызматынын 4 кызматкери коронавирус жуктуруп алган

COVID - 19 0

Бишкек, 17.05.20. /Кабар/. Жазаларды аткаруу кызматынын 4 кызматкери коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Маалымат жыйында ага №1 тергөө абагынын кызматкери жана №27 колониянын кызматкери 13-14-майда ооруканага жаткырылган деген маалымат чынбы деген суроо узатылды.

"Бул кызматта иштеген 4 кызматкер коронавирус жуктурган. Учурда алар Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланууда жана абалы жакшы. Алар менен байланышта болгон адамдарды лабораториялык жол менен текшерүү иштери жүрүп жатат", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 17-майга карата коронавирус жуктурган 21 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1138ди түзөт. Алардын ичинен 804 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий