• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жазаларды аткаруу кызматынын Коомдук кеңешинин башчысы учурда жаза түрүн ким аныктай турганын айтты

Коом 0

Бишкек, 19.07.19. /Кабар/. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) Коомдук кеңешинин башчысы Чолпон Өмүрканова "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында учурда жаза түрү ким тарабынан белгиленерин айтып берди.

Ал Коомдук кеңеш 10 кишиден, анын ичинде бир нече эксперт, Жазаларды аткаруу кызматынын ардагерлери ж.б. турарын белгилеп өттү.

"Мурда эркинен ажыратуу жерлерин сот белгилечү. Учурда муну менен атайын комиссия алектенет. Анын курамында Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, оперативдик бөлүм, тарбия бөлүмү, медициналык бөлүмдүн башчысы жана ЖАМК Коомдук кеңешинин өкүлү бар", - деди ал.

Атайын комиссиянын чечими көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Эгер комиссия мүчөсүнөн кимдир бирөө чечимге макул болбосо ал пикирин билдире алат жана ал протоколго тиркелет. Эгер добуштар тең болуп калса, төраганын добушу баарын чечет.

Пикир

Оставить комментарий