• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы Турганбаевдин кызматтык ыйгарым укуктары токтотулду

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 24.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов кол койгон буйрукка ылайык, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 21-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Мелис Турганбаевдин кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусу берген арызынын негизинде токтотулду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусу шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин токтотулду.

Пикир

Оставить комментарий