• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында COVID-19га каршы эмдөө башталды

Коом 0

Бишкек, 27.07.21. /Кабар/. Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнүн биринчи этабы башталды. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

“Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алганда, ар бир адам өзүнүн жана айланасындагы адамдардын ден соолугу үчүн жооптуу экендигин түшүнүшү керек. Санитардык ченемдерди сактоо, анын ичинде Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын мекемелеринде коронавирустун жайылышына жол бербөө үчүн персоналды вакцинациялоонун маанилүүлүгүн жана кызмат өтөө тартибин сактоо зарылдыгын баарыбыз түшүнүп турабыз”, - деп белгиледи төраганын биринчи орун басары Т. Нуралиев.

Белгилей кетсек, COVID-19га каршы эмдөө акысыз жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий