• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жаздык арпа үрөнү менен камсыздоого 104 коомдук үрөн фонду түзүлдү

Коом 0

Бишкек, 03.04.18 /Кабар/. Республиканын беш облусунда 2017-жылы Жайыт пайдалануучу бирикмелердин алдында 104 коомдук үрөн фонду түзүлгөн. Бул фонддор муктаж болгон фермерлерге үрөн алып келип турат.

КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, коомдук үрөн фонддор “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү” долбоорунун колдоосу менен Ысык-Көл облусунда—31, Нарында – 32, Баткен облусунда – 7, Ошто – 16, Жалал-Абадда 18 түзүлдү.

Ар бир фермер коомдук үрөн фондунан алган үрөндү түшүмдөн эки эсе кайтарып берет. Мындай принцип фонддун чыгымдарын жабууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, бенефициарлардын санын көбөйтүп, көлөмүн кеңейтет.

“Ватан” сорту 2017-жылдын түшүмүнүн биринчи өндүрүмү Жалал-Абад облусуна бардыгы 72 тонна түшүрүлөт. “Вакула” сорту 2017-жылдын түшүмүнүн биринчи өндүрүмү Ош облусуна 64 тонна, Баткен облусуна 28 тонна жана Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна 32 тонна жеткирилет.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна арпанын биринчи өндүрүмү “Убаган” сорту 64 тонна, ал эми бул региондун калган райондоруна “Приазовский 9” сортунун биринчи түшүмүнөн 184 тонна түшүрүлөт.
Нарын облусуна дагы 2017-жылдагы “Приазовский 9” сортунун биринчи түшүмү 224 тонна жеткирилет.

Жалпы 668 тонна жаздык арпанын үрөнү 14 млн сомдон ашык акча каражатына сатылып алынат.

Коомдук үрөн фондунун түзүлүшүнө “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү -1, 2” долбоорлорунун өнөктөшү “Кыргыз жайыты” Кыргызстандын жайыт пайдалануучулар улуттук ассоциациясы түздөн-түз катышты. ОРСП менен ассоциациянын ортосунда меморандумга кол коюлуп, үрөн фондунун өнүгүшү, коомдук үрөн фондусунун уставы, дан жана тоют өсумдүктөрүн өстүрүү боюнча бизнес-пландын концепциясы жана колдонмосу иштелип чыкты.

Коомдук үрөн фонддун өнүгүшүнө мындан кийин Жайыт комитеттери жооптуу болушат. Жүргүзүлүп жаткан ишке көзөмөл кылуу үчүн Жайыт комитеттеринин башчыларынан, жергиликтүү кеңештен, аксакалдар сотунан, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн, аялдар жана жаш уюмдардын мүчөлөрүнөн турган байкоочу кеңеш түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий