• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жаздын алгачкы күнүндө аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин жообу

Коом 0

Бишкек, 01.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 1-мартта, күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болушу күтүлөт.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда 9...14, Талас облусунда 8...13 градус болот, Ысык-Көлдө 4...9, Нарын облусунда күндүз 4...9 градус жылуу болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын күндүзгү табы 10...15 градуска жетет.

Борбор калаабыз Бишкекте күндүз жамгыр жаашы күтүлөт, абанын температурасы күндүз 11…13 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий