• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жазгы айдап-себүү иштерине чектөө коюлбайт - Боронов

Коом 0

Бишкек, 30.03.20. /Кабар/. Өзгөчө абал жана кырдаал режиминде жазгы талаа иштерине чектөө коюлбайт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына жазгы талаа иштери токтобошу керектиги боюнча билдирүү жиберилген.

"Азыр жабылып турган "Кудайберген" базарында айыл чарба техникаларын саткан дүкөнчөлөр бар. Жазгы айдоо иштеринин башталышын эске алып, көйгөйдү жаратпоо үчүн биз базардын жетекчилиги менен ал жерлердин иштеши тууралуу сүйлөштүк", - дейт ал.

30-мартка карата Кыргызстанда 94 адам коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда - 49, Ош облусунда - 33, Бишкек шаарында - 7 , Чүй облусунда - 3, Баткен облусунда - 1, Нарын облусунда - 1 учур. Коронавирусу аныкталган бейтаптардын ичинен: аялдарда – 53 учур, эркектерде – 41 учур.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген. Мындан улам саат 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды.

Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана жол кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий