• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жазгы талаа иштери. Кыргызстанда үрөн менен камсыздоо дээрлик 100%ды түздү

Экономика 0


Бишкек, 29.05.23. /Кабар/. Кыргызстанда жазгы талаа иштери аяктоо алдында турат, ал эми үрөн менен камсыздоо дээрлик 100%ды түздү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында айыл чарба министринин биринчи орун басары Нурдин Алишеров билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан быйыл айыл чарба өсүмдүктөрү 1 млн 232 миң гектар жерге айдалды, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 4 миң гектарга көптүк кылат.

Алишеров Кыргызстанда иштетилбей калган жерлердин санын кыскартуу боюнча иштер жүрүп жатканын, андай жерлер 100 гектарга жакын экенин белгиледи.

"Үрөн боюнча айтсак, быйыл сатып алуу болгон жок. Өткөн жылы Россиядан алынып келинген үрөндөрдүн эсебинен үрөн фондун жаңыртканбыз. Республика боюнча жалпысынан 63,9 миң тонна кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн үрөнү же 95,2%ы камтылган, анын 22,5 миң тоннасы жаздык буудайдын үрөнү менен камтылган (93,7%).

Жалпы 67,1 миң тонна кылкандуу дан өсүмдүктөрү керектелсе, анын 63,9 миң тонна үрөнү топтолуп, же 95,2 % камсыз болду. Анын ичинен буудай үрөнү 24 миң тонна керектелсе, 22,5 миң тоннасы топтолуп, бул 93,7%ды түздү, арпа үрөнү 42,9 миң тонна керектелсе, 41,2 миң тоннасы топтолду, же 96% түздү. Жүгөрү үрөнү 2,6 миң тонна керектелсе, 2,4 миң тоннасы топтолуп, камсыздоо 93,4 % түздү. Май өсүмдүгү 99,5%, көп жылдык чөп – 77,4 %, картөшкө – 100,0 %, пахта – 88,4%, жашылча, бахча – 97,3-98,0% камсыздалды", - деди ал.

Министрдин биринчи орун басары "Айыл Банк", "РСК Банк" ачык акционердик коомдору аркылуу республиканын үрөнчүлүк чарбаларына жана айылдык товар өндүрүүчүлөргө алардын кайрылууларынын негизинде 3 жылдык мөөнөткө 4,5% менен насыя берилип жатканын эске салды.

Ошондой эле 2023-жылдын жаздык себүүсүнө керектелүүчү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн дотация системасы аркылуу берилүүчү үрөндөрдүн баалары аныкталып, дыйкан фермерлерге 30 пайызга арзан баада үрөндөр берилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий